4 күндөн бери изделип жаткан жарандын жансыз денеси Чүй каналынан табылды

Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

34 жаштагы жаран 19-январдан бери изделип жаткан. Анын жансыз денеси Чоң Чүй каналындагы суу тосмосунда табылды. Маркумдун буга чейин изделип жаткан 1989-жылы туулган жаран экендиги аныкталган.