Буга чейин Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматынан бошотулду

Садыр Жапаровду соттогон Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. 

Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматовдун айтымында, Жаңыл Мамбеталы өз арызынын негизинде кызматтан кетип жатат. Судья өзү жыйынга келген жок. «Ал келгиси келген жок. Бул анын тандоосу», — деди ал. 

Эл өкүлү Ирина Карамушкина судья Жаңыл Мамбеталы мурда азыркы президент Садыр Жапаровго эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын айтып, «өч алуу болуп жаткан жокпу?» деп сурады.