«Буга чейинкилер сиздей болуп иштешкен жок». Кыргыз куткаруучуларына түрк эли ыраазычылык билдирди

Кыргыз куткаруучуларына Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарынын тургундары ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу видеону ӨКМ кечээ, 11-февралда жарыялады. Видео 22 жаштагы кош бойлуу келинди аман куткарып чыгышкан соң тартылган.

«Баарыңыздарга ыраазыбыз. Ушундай оор күндө чогуу болуп жатабыз. 5 куткаруу-издөө тобу келди, бирок сиздердей болушкан жок. Сиздердей болуп иштешкен жок. Биз үмүтүбүздү үзүп калганда, сиздер ага өмүр тартууладыңыздар», — дешет алар.