Бужум айылынын тургуну: “Чек ара чырында Портерди танк сүзүп, күйөөм, уул-кызым мерт кетти”

Өткөн жылдын 16-сентябрь күнү Бужум айылынын жанында жергиликтүүлөр коопсуз жайга бара жаткан Портер унаасы танк менен кагышып, 12 жаран каза болгон. Мерт кеткендердин арасында Шайыр Жолдубаеванын жолдошу, өспүрүм кызы жана 7 жашар уулу болгон. Жолдубаева азыр аман калган 3 кызы менен борбордо турат. Үй-бүлө багуучусунан ажырап, өздөрү түрдүү жаракаттардан улам, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калган Жолдубаева жана анын кыздары учурда коомчулуктун жардамына муктаж. Биз алар убактылуу баш калкалап жаткан үйгө барып, сүйлөштүк. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0220 67 62 68 (Мбанк)

«Азыр Бишкекте кайнимдин үйүндө турабыз. Чек арадагы окуяда үй-бүлөбүз менен кырсыкка учурап, жолдошум, жалгыз уулум жана кызым каза болду. 3 кызым менен оор жаракат алып, ооруканага түштүк. Портер үлгүсүндөгү унааны танк сүзүп, кырсыкка учурадык. 16-сентябрда кыздарым мектепке даярданып жатышты. Эшикке чыкса, ок атылып жатыптыр. «Согуш башталды» деп калышты. Ок атылып жаткан жерден качып, унаа менен кетип жатышты. Кошуналар унаасы менен чыгып, биз да кошулуп алганбыз. Портерде 24 адам болчубуз, анын 12си каза болуптур», — деди ал.