«Эмне деген акмакчылык?». Транспорт министри Нарында жол салып жаткан компанияга акыркы эскертүү берди (видео)

Кечээ, 24-августта транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Шералиев көчөсүндө жүрүп жаткан иштерди текшерип барды.

Ведомство жетекчиси жеринде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Бета Групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, бардык кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде толук жоюу тапшырмасын койду. Мындан тышкары, Сыргабаев Шералиев көчөсүндөгү курулуш иштеринин сапатына байланыштуу аталган компанияга акыркы эскертүү берип, көзөмөл бардык тараптан күчөтүлө турганын белгиледи.