«Бул жакта жашагандан корком». Баткендик бала Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Социалдык тармактарга президент Садыр Жапаровго чек ара маселесин чечип берүүнү суранган өспүрүмдүн видеосу тарады. Видеодо ал Баткен облусунун Көк-Таш айылында жашарын жана ал үчүн ал жерде жашоо коркунучтуу экенин айтат. Тагыраагы, видеодо бала үйүн көрсөтүп эки метрден кийин Тажикстан экенин, анын үйүн буга чейин өрттөп кетишкенин да билдирди.

«Урматтуу Садыр Жапаров! Менин атым Адил. Мен Баткендин Көк-Таш айылынан болом. Тагыраак айтканда, былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашаштан корком. Анткени эки метрден кийин тажиктер жайгашкан. Бул жакта бизге жашаш өтө коркунучтуу. Мен сизден чек ара маселесин чечип берүүнү суранам», — дейт Адил.