«Бул Олимпиадалык комитеттин күнөөсү». Дизайнер Замира Молдошева Кыргыз спортчуларынын формасы боюнча үн катты

Белгилүү болгондой, азыр коомчулукта Кыргызстандын атынан Япониядагы Олимпиада оюндарына кийчү спортчулардын формасы кызуу талкуусу жаратып жатат. Бул боюнча дизайнер Замира Молдошева Инстаграмдагы баракчасына өз оюн жазып чыкты.

«Учурда мага көп журналисттер чалып, оюмду билдиришимди суранышууда. Биринчиден, Дилбар Кыргызстандагы эң талап кылынган дизайнерлердин бири. Костюмдар боюнча убактысынан кечигип, Олимпиадага форманы тиктирүү үчүн Дилбар Ашимбаевага кайрылышты. Тапшырмада айтылган эле: форма ак түстө, милдеттүү түрдө сакуранын жана биздин кыргыз орнаменттн болушу шар эле. Дилбар Ашимбаева костюмдарды иштеп чыгуу чечимин өзү кабыл албагандыгын белгилеп кетким келет, ал дизайнер катары алдына коюлган тапшырманы 100% аткарышы керек болчу. Ал ойлонууга, өзүнүн жеке бир нерсесин ойлоп табууга мүмкүнчүлүк болгон жок»,- деди ал. 

Дизайнердин айтымында, Олимпиадалык комитет формага тендер жарыялаган эмес.

«Биздин Олимпиадалык комитеттин күнөөсү, алар бардык дизайнерлерибиз тендерге катыша алышы үчүн, дизайнердик сынак жарыялашкан жок. Бул жерде комитеттин күнөөсү чоң, анткени мен жеке өзүм дизайнер катары Олимпиадага костюмдарды тигиш керек экендигин эми көрдүм»,- деди ал. 

Замира Молдошева мындан тышкары, коомчулук кызуу талкууга алган форманын баасына да түшүндүрмө берип өттү.

«Бул кырдаал боюнча көптөгөн талаш-тартыштар болуп жатат, мен биздин элди түшүнө албайм, сиздерге сакурабы же форманын 95 миң сом экендиги жакпадыбы? Эмне үчүн 95 миң сом? Мен билем, кездемелер абдан кымбат. Дилбар сапат үчүн иштейт. Кимдир бирөөгө жагышы мүмкүн, бирөөгө жакпашы мүмкүн. Спортчулар бул костюмдар менен мушташпайт, бул костюмдар — парад үчүн. Сураныч жаман сөздордү жазууну токтотуңуз. Мен Дилбар Ашимбаеваны чындыгында сыйлайм жана жакшы көрөм. Ал менин мугалимим жана ал мен уккан жана урматтаган жалгыз дизайнер»,- деди ал.

Эске салсак, кечээ, 13-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын атынан Олипиада оюндарына барчу спортчулар менен жолуккан. Алар жолугушууга Олимпиадага кийип барчу форма менен барышкан. Спортчулардын формасы коом тарабынан катуу сынга алынып жатат.