«Бул ыкма менен эл аралык мелдеште медаль уткам». Айсулуу Тыныбекова видеодогу кызды тапты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова «бул ыкма менен эл аралык мелдеште медаль уткам» деп издеп жүргөн кызды таап, аны менен онлайн сүйлөштү. Экөө сүйлөшүп жатканда тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Айсулуу Тыныбекова 9 жаштагы Жасминге ийгилик каалап, келечеги алдыда экенин айтты. Толкунданып жаткан Жасмин көзүнө жаш алып, спортчу менен жолуккусу келип, андан ыкмаларды үйрөнүүнү каалап жатканын жашыра алган жок.