Бурганактап кар жаап жатканына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда чектөөлөр киргизилди

Бурганактап кар жаап, аба ырайынын начарлашына жана республиканын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунун 219-221-чакырымында кар жаап, кар күрткүсү болуп жатат, буга байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун айрым аймактарында жана Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат.

Жол-транспорт кырсыктарынан сактануу максатында Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга зарылдыгы жок жолго чыкпоону сунуштайт.