Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду (видео)

4-августка караган түнү Eagle Fighting Championship (EFC) чемпиондук титулу үчүн кармаш болду. Анда кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу курга талапкер болгон. EFC 38 турнири Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата ат майданда өттү. 

Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды.

EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Орусияда өткөн мелдеште айткан болчу.