БУУ ИИМ кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери үчүн  жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул туурасында аталган аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мекеме 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоочу ИИМ кызматкерлеринин саламаттыгына кам көрүүнү улантат.

«Алдыдагы шайлоо жакын арадагы эң масштабдуу коомдук иш-чара , ошол эле учурда коронавирустук инфекция жуккан учурлар күн сайын азайгандыгына карабастан, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарынын дагы бир партиясы, тактап айтканда, 5280 даана Makrite маркасындагы N95 респираторлор сатылып алынып, тапшырылды. Жардам Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Мыйзам үстөмдүгү боюнча Глобалдык программасы каржылаган “Укуктук жана соттук секторду реформалоону ишке ашырууну стратегиялуу, инклюзивдүү жана ийкемдүү илгерилетүү” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү«, — дешет басма сөз кызматынан.

Кыргызстандагы БУУӨП пандемия менен күрөшүү аракеттерин колдоону, анын ичинде, анын кесепеттирн жоуюда жардамын улантууда. Эске салсак, 2020- жылдын ичинде, COVID-19 пандемиясы маалында бардык жарандардын кызыкчылыгында кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарын бир нече жолу, жалпысынан 7500 ашуун даана ЖКК жана 3 кычкылтек концентратор тапшырылган.