Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында 6 айлык мөөнөт менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринен сырткары буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө токтом долбоору талкууга коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште буудайдын жана нандын кымбат болуп жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн болчу.