БУУнун Башкы ассамблеясы Украинаны колдоо боюнча резолюция кабыл алды. Борбор Азия өлкөлөрү кандай добуш беришти?

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Украинада мүмкүн болушунча тез арада “ар тараптуу, адилеттүү жана туруктуу” тынчтыкка жетишүү зарылдыгы тууралуу резолюция кабыл алганы уюмдун сайтында жазылган.

23-февралда резолюцияга 141 өлкө добуш берсе, 7 мамлекет каршы, 32 өлкө калыс болгон.

Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Мали, Никарагуа жана Сирия каршы добуш беришти. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан 32 калыс добуш берген мамлекеттердин арасында. Түркмөнстан добуш берүүгө таптакыр катышкан жок. Калыс болгондордун арасында Кытай, Индия, Түштүк Африка, Иран, Армения, Куба, Эфиопия, Вьетнам, Пакистан жана бир катар башка өлкөлөр да бар.