Бүгүн, 02.02.2022 датасында өлкөдө 9 жуп үйлөндү

«Кооз дата, бактылуу сан — ийгиликтин белгиси» деген ишеним менен көптөгөн жубайлар никени каттоо үчүн кооз күндөрдү тандашат. Эң кооз даталардын бири «күзгү» деп эсептелет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күнгө – 02.02.2022 датасына карата республика боюнча болгону 9 түгөй арыз берген.

2022-жылдын 22-февралында  өлкө боюнча ЗАГС бөлүмдөрүндө 95 түгөйдүн никеси катталат.

Валентин күнү, 14.02.2022 андан да көп түгөйлөр баш кошууну пландаштырууда — 177 арыз түшкөн.

Эгер сиз никеңизди “кооз датага” каттатууну кааласаңыз, алдын ала ЗАГСПРН бөлүмдөрүнө кайрылыңыз. Мыйзамга ылайык, никеге турууга 30 күн калганга чейин арыз жазсаңыз болот. Мыйзам ошондой эле жаш жубайлардын жашаган жерине карабастан каалаган ЗАГС органдарында никеге турууга уруксат берет.