Бүгүн 146 адамдан коронавирус аныкталып, 1 бейтап каза болду

Бүгүн, 28-мартта өлкө боюнча COVID-19 146 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча коронавирустан 1 бейтап каза болду. Ошондой эле бир сутка ичинде жалпысынан 63 бейтап айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны  88 миң 92 кишиге жетти. Алардын ичинен 84 миң 600 адам айыгып чыкса, 1495 адам көз жумду.