Бүгүн Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана жол кесилиши ачылды.

Андан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Ошондой эле, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.