Бүгүн айрым өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат

Бүгүн, 19-апрелде жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу бир катар өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Саат 17:20дан 18:00гө чейин «Токмок— автожол» жана «Кең-Булуң — автожол»көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылат.

Саат 18:00дөн 18: 30га чейин «Кызыл-Кыя — автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту жабылат.