Бүгүн «Ала-Тоо» аянтындагы жол жабылат

Бүгүн, 15-декабрда «Ала-Тоо» аянты унаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүйдүн Панфиловдон Эркиндикке чейинки бөлүгү жабык болот. Чектөө саат 18:00дөн тарта киргизилет.

Ал эми саат 19:00дө Кыргызстандын башкы балатынын чырагы жанат.