Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти

Кечээ, 14-февралда Алмазбек Атамбаев абактан чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бүгүн, 15-февралда дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетерин билдирди.

«Мен эртең дарыланууга кетем. Уулум билеттерди эртеңкиге алып коюптур. Дарыланган соң, кайра келем», — деди ал.

Ал ошондой эле ден соолугу абакта жатып жакшы эле жабыркаганын айтып, омурткасын оорутуп алганда 15 мүнөт да отура албай калганын кошумчалады.

Мурдагы президенттин тарапташы Рита Борбукеева анын түнү чет өлкөгө учуп кеткенин соцтармактагы баракчасына жазды.