Бүгүн Батукаевдин иши боюнча соттук отурум өтөт

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаев боюнча иш каралат. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучулардын бири.

Буга чейин Жогорку Сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого жөнөтүп, Атамбаевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган эле. Ошол күндөн тарта мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртө албай келишет.

Быйыл июнь айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл 2 айга кескен.