Бүгүн, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган.
Бишкек шаарынын мэрлигине Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жунушалиев Айбек Жанышбекович талапкерлилин койгон. Ал эми Ош шаарынын мэри болууга Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамбетов Алмаз Ишенбекович ат салышат.
Ошондой эле бүгүн Токмок шаарынын мэри да шайланат. Мэрликке эки талапкер бар. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Самаев Урматбек Обозбекович менен Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубатбек уулу Азат.