Бүгүн Бишкекте тыюу салууга карабай «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт

Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактарда жарыя кылышты.

Жөө жүрүш саат 13:00дө Ак үйдүн алдынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталат. Анда маршты уюштурган демилгелүү топ аялдардын укуктарын корголушунун жана социалдык, гендердик теңдүүлүктү талап кылып чыгышат.

Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-апрелге чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салган. Деген менен Аялдардын шериктештик маршынын уюштуруучулары алардын жүрүшү мыйзамдуу экенин билдиришип, бийликтин тыюу салууларын тааныбарын айтышууда.

Өткөн жылдын 8-март күнү да Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өткөн. Бирок анда жүрүш башталган учурда калпак жана беткап кийген белгисиз эркектер тобу келип, уюштуруучулар менен жаңжалдаша кетишкен. Мындан улам милиция кызматкерлери уюштуруучуларды кармап кеткен. Алар түшүнүк кат жазышып, кийин коё берилген эле.