Бүгүн, 17-сентябрда Республикалык кан борборуна 500гө жакын адам Баткен облусунун жабыркаган тургундары үчүн ыктыярдуу донор болуп келишти.
Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарынын көптөгөн жашоочулары кан тапшырууга келди. «Түшкө чейин кан алынып, азыр канды даярдоо иштери жүрүп жатат. Кан борбору эртең да эс алуу күнгө карабай иштейт”, — деди ал.
Жабыркагандарга кан тапшырууну каалаган жарандар Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү 60 дарегинде жайгашкан Республикалык кан борборуна кайрылса болот.
Иш убактысы: