Бүгүн Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты

Борбор калаада кошумча 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Бул ишкана тарабынан каттамдагы аралыкты 7-8 мүнөт камсыз кылуу жана сактоо максатында жасалат. Ыкчам маалымат боюнча, 13-декабрга карата Бишкек шаарында 450 автобус жана 115 троллейбус каттап жатат. Айдоочулар үчүн квалификациялык талаптар сакталган. Бир жуманын ичинде 60тан ашык автобусту чыгаруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.