Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт

АРХИВ

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт. Ал саат 13:00дө темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктайт.

12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматованын «Азаттык», «Kloop» жана «Кактусту» жабууну талап кылган кайрылууга кол койдуруп жүргөнүн билдирген болчу. Кийин Нарматова бул маалыматты жокко чыгарган, бирок Бекешев кесиптеши кабинетине келип урушуп кеткенин жана башка депутаттар күбө болуша аларын айткан.