Бүгүн Бишкектин Жибек-Жолу проспектисин бир бөлүгү жабылды

Бүгүн, 23-июндан тарта Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Ал бир нече этап менен ишке ашат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Ага ылайык аталган көчө, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түштүк тарабы жабылды. Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым. Унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.