Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын учурунда балакайга берген маеги (видео)

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары жазуучунун учурунда балакайга берген маеги менен бөлүшүп жатышат. Анда улуу жазуучу «балдар үчүн бир чыгарма жаздымбы?» деген ой менен «Солдаттын баласы» деген чыгарма жазганын айтат. «Балдар үчүн «Ак Кеме» деген чыгарма жаздым. Эми мен кичинекей повесть жазсам дейм. Анын да каарманы бала болот. Убакыт болобу? Балким болуп калат», — дейт анда жазуучу.