Бүгүн да Бишкекте маршруттук таксилер толугу менен ишке чыккан жок

Бүгүн, 19-январда таң эртеден Бишкек шаарындагы аялдамаларда маршруттук таксилерди күткөн шаардыктардын саны дале көп. Каттамга чыккан айдоочулар демейдегиден аз.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаевге байланыштык. Ал: “Бүгүн эртең менен саат 6 жарымда 400дөй маршруттук такси линияга чыкты. Айдоочулардын ичинде ишке чыккандарга карата коркутуу уланып жатат. Кечээ кечинде жана бүгүн таңкы маалда караңгы болуп, айрымдары жабыр тартып калбайлы деп линияга чыгуудан кооптонуп жатышат. Саат 10:00гө карата маршруттук таксилердин саны 900гө чукул жогорулаган”, — деди. Жалпы борбор калаада 1500дөн ашуун маршруттук такси шаар тургундарын тейлейт.

Кечээ, 18-январда Бишкек шаарында маршруттук таксилердин көбү каттамга чыкпай койгонун маалымдаганбыз. Айдоочулар бир аптадан бери жол кирени 15 сомго жогорулатып берүүнү талап кылышууда. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кечээ ишке чыкпай койгон айдоочуларга кайрылып, алардын маселесин жакын арада чечип берүүгө даяр экенин билдирген эле.