Бүгүн да чек ара маселеси боюнча митинг өттү

Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында кайрадан чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Анда чогулгандар Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Өзбек чек арасындагы маселелерге бийлик дагы деле маани бербей, олуттуу көңүл бурулбай жатканына нааразычылыгын билдиришти.

Ошондой эле митингчилер кечээ, 15-февралда өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү чек арадагы абал туруктуу деген билдирүүсүн четке кагышты.

Буга чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу 40 гектардын тегерегиндеги жайытты тажик аскерлери 8-февралдан баштап кайтарууга алып, жергиликтүүлөрдү киргизбей жатышканын аймактын тургундары айтып чыгышкан болчу. Анда алар аталган чек арадагы жерде тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатышканын, ошондой эле Көк-Таш айылынын кире беришиндеги чек ара тилкесине коңшу өлкө тарап көчөт отургузуп баштаганын жергиликтүү тургундар видеого тартып, бийлик буга тез арада чара көрүүсүн талап кылышкан. Аны менен катар кечээ Өкмөт үйүнүн алдында 300дөн ашык адам чогулуп, бийликтен чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып митингге чыгышкан эле.