«Бүгүн да суракка чакырышты». Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек суракка алынышы боюнча эмне дейт?

Кечээ, 11-апрелде жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин Биринчи Май РИИБге суракка чакыртылганы, кийинчерээк ал штаттан тыш иштеп жаткан NextTV каналынын продюсери Өмүрбек Сатаев анын кармалганын жазып чыккан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жарандык активисттин өзү менен байланышып, ал Жазык кодексинин 278-берененин (массалык башаламандыктар) негизинде суракка алынып жатканы маалым болду. «2021-жылдын башынан баштап мага досье топтолуп жаткан экен. Ар бир жазылган постторду, видео кайрылуулардагы сөздөр, түз эфирдин тексттери жана башка. Ушунун баарын топтоп коюшуптур. Катуу киришишиптир. Жаңы эле чалып, дагы суракка чакырышты. Демек, бүгүн дагы сурак болот», — деди ал.

Ошол эле учурда жогорудагы окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат таратты. «Козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 11-апрелде Адилет Али Мыктыбектин катышуусунда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң ал келем деген убада менен бошотулган», — деген маалымат беришти.