Бүгүн депутаттар да футбол ойношуп, оюнду жеңиш менен башташты (сүрөт)

Бишкек шаарында футбол боюнча салтка айланган «Мурас» достук турнири өтүп жатат. Жогорку Кеңештин командасы «Мурас» достук турнириндеги алгачкы оюнун жеңиш менен баштады.

Ар кайсы тармактын өкүлдөрү күч сынашкан мелдешке Жогорку Кеңештин командасы да катышууда. Депутаттар алгач “Аймактар” командасы менен беттешип, 3-1 эсебинде жеңишке жетти. Турнирде 16 команда оюн көрсөтүүдө.

Эртең, 9-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.