Окуучулардын онлайн окууга өткөнү эмне үчүн кеч айтылды? Министр түшүндүрдү

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерди онлайн окутууга өткөрүү буйругу эмне үчүн кеч маалымдалганын түшүндүрдү. 

Министрдин айтымында, алар аба ырайы тууралуу маалыматты кечинде гана алышкан. «Мындай чечимди кабыл алуу үчүн бир катар критерийлер бар. Мектептердеги температура көзөмөлгө алынган, андагы жылуулук балдарды окутууга шарт түзөт. Температура талапка жооп бербеген учурда реакция кылабыз. Бирок ата-энелердин өтүнүчү менен буйрук чыккан. Билим берүү министрлиги өз алдынча чечим кабыл ала албайт, аны башка мамлекеттик органдар менен биргеликте кабыл алуу керек», — деди ал.

13-14-декабрь күндөрү өлкө боюнча окуучулар онлайн режимде окушат. Бүгүн, 13-декабрда таңкы убакытта суукта сабакка жөнөп кеткен окуучулардын ата-энелери маалымат кеч жарыяланганына нааразы болушууда. Буга карата министрликтен Билим берүү министри маалымат жыйын берерин жана ошол жерде жооп кыларын билдиришти.