Бүгүн Жакут Сыдыков бир тууган инисине куран окутат

Бүгүн, 7-январда борбордогу тойканалардын биринде куудул Жакут Сыдыков бир тууган инисине куран окутат. Куудулдун жалгыз иниси Чыңгыз Сыдыков 25-декабрда унаанын алдында калып каза болгон.

Бул тууралуу Жакут Сыдыков “Иним жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Жолдон унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерин карап жатканда бир нерсе жарылып кеткен экен. Ал унаанын алдында калып, ошол жерден каза болуптур”, — деп айткан.

SUPER TV`нын эмгек жамааты Жакут Сыдыковго жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.