Бүгүн жана эртең нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 10-12-апрель күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.