Бүгүн жана эртең нөшөрлүү жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

12-13-марта республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине чалыңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алат.