Бүгүн жана эртең тоолуу райондордо унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.