Бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү”

16-ноябрда саат 8:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салуу күчүнө кирерин Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет. «Жымжырттык күнү» деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди жана алардын тизмелерин каттоо аяктаган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө бир күн калганда аяктайт. “Жымжырттык күнүнүн” негизги максаты – шайлоочуларга тышкы таасирсиз өз тандоолорун бейкапар карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.

Бул күнү саясий партияларга жана талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

• кайсы бир талапкерди же партияны колдогон же ага каршы үгүттөө;

• шайлоо программаларын талкуулоо;

• жаңы жарнамалык материалдарды жайгаштыруу.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат. Мурда жайгаштырылганүгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, көрнөк-жарнактар), эгерде алар шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жерде жайгашса, ордунда тура берет.

«Жымжырттык күнүнүн» эрежелерин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул саясий партияларга жана талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына тиешелүү.

Ошол эле учурда “жымжырттык күн” шайлоо комиссияларынын маалыматтык иштеринежайылтылбайт. Алар алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат таратууну улантып, шайлоо мыйзамдарын жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, жарандарды добуш берүүгѳ үндөй беришет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдын талаптарын так сактоого жана шайлоочулардын эркин жана аң-сезимдүү түрдѳ негизделген тандоо укуктарын сактоого чакырат.