Бүгүн журналисттер көчөт отургузушту

Бүгүн, 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата ЖМК өкүлдөрү журналисттер аллеясында коомдук иш күн өткөрүп, ураан менен көчөт отургузушту. Иш-чара “Медиа Кыргызстан” акциясынын платформасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

«Катышуучулар медиа тармагынын алдында турган чакырыктарды жана коркунучтарды түзүштү. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына козголгон кылмыш иштери жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышы, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын позициясынын төмөндөп баратканы», — деп айтылат маалыматта.