Бүгүн Кыргызстанда “жымжырттык күнү”

Кыргызстанда бүгүн, 27-ноябрда саат 08:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында “жымжырттык күнү”. Аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

«Жымжырттык күнү» үгүт иштерине, шайлоого катышууга же катышпоого чакырган коомдук кайрылууларга жана массалык иш-чараларга тыюу салынат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча ат салышкан талапкерлердин жалпы саны 284 адамды түздү.

Жогорку Кеңешке шайлоого 21 саясий партия катышууда. 28-ноябрда саат 8:00дөн 20:00гө чейин Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.