Бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Бүгүн, 9-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 1-14 (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука—Жаңы-Базар—Киров унаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 74-110 чакырымдары, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман—Ак-Тал—Чат унаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош—Сары-Таш унаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу), Сары-Таш—Дароот-Коргон—Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150- чакырымдары жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.