Бүгүн кыш чилдеси түштү

Бүгүн, 7-январдан баштап кыш чилдеси түштү. Ал 40 күнгө созулуп, 17-февралда чыгат. Бул тууралуу Заркун Ногойбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан, дайыма асмандагы Ай, Күндүн, жылдыздардын кайсы маалда чыгып, кайсы учурда тогошуу болоорун жана кайсы убакта батып кетерин эсептеп турушкан. Азыркы учурда асмандагы жети аркар жылдызы эртең мененки саат 7де батып кетет, мына ушул мезгилде чилде түштү деп аталат», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.