Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Советтин токтому менен бекитилген.
Мамлекеттик желек кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.