Бүгүн мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы болот. Экинчи этаптагы өзгөчөлүктөр

Бүгүн, 27-июнь күнү балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы болот. Экинчи этаптагы өзгөчөлүктөр тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат беришти.

Мектепке каттоонун экинчи этабы бүгүн, 27-июнда саат 09:00дө башталды. Биринчи этапта кабыл алууда ата-энелердин юридикалык каттоосу жана бала менен базадагы туугандыгы текшерилип, ошонун негизинде мектептерге кабыл алынган. Экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык каттоосунан көз карандысыз эле бош орун бар каалаган мектепке жазыла алат.

Ата-энеден бир эле бала менен базадагы байланышы талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн системада «туугандыгын текшерүү» деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылып, ошонун негизинде туугандык байланышын текшере алат. Андан кийин ата-эне тийиштүү жолчолорду толтуруп, Кыргызстан боюнча каалаган бош оруну бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.