Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында
Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.