Бүгүн Ошто «Таза шайлоо» деген талап менен митинг өтөт

Бүгүн, 2-апрелде Ошто митинг өтөөрү пландалууда. Бул тууралуу «Улуу-Журт» саясий париясынын лидери Мирлан Орозбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, митинг бүгүн, Ош шаарында саат 15:00 башталат. Анда «Таза шайлоо» өткөрүү талабы көтөрүлөт.