Бүгүн Садыр Жапаров 54 жашка толду

Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 54 жашка толду.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайга өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан институтта билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы Март окуясынан кийин аралашкан. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2007-жылы 22-октябрда президент болуп турган Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн) боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров төрт жыл бою Польшада жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган” деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жаштардан турган топ Ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында премьер-министр болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген. Шайлоодо жеңип чыгып, 28-январда расмий түрдө ант берип, президенттик ишине киришкен.

Үй-бүлөлүү. Биринчи айым Айгүл Жапарова менен 4 баланын —  Дастан, Рустам, Нурдөөлөт жана кызы Жанайымды тарбиялап келишкен. Тун уулу Дастан 2019-жылы жол кырсыктан көз жумган. Ошол эле жылы Рустам Жапаров үйлөнгөн. Ошондой эле анын каза болуп калган бир тууганынын уулу Ренат Жапаровду да тарбиялап келгени маалым.