Бүгүн саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 8-майда «Туран» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда саат 13:00дө каралат. Бул тууралуу анын тарапташы билдирди.

Молдокматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (имараттарды жана курулмаларды басып алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9-октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.