Бүгүн стадиондун көлөмүндөй астероид Жерге жакындайт

Бүгүн, 22-февралда стадиондун көлөмүндөй астероид Жерге жакындарын “НАСА JPL” изилдөө борбору билдирди.

Эсептөөлөргө ылайык, болжол менен диаметри 213 метр болгон 2020 XU6 астероиди болжол менен төрт миллион чакырым аралыкта планетага жакындайт.

Ушул күнү, мындан тышкары диаметри 23 метр болгон 2020 BV9 астероиди(5,6 миллион километр жакын аралыкта) жана 2021 CC5 диаметри 40 метр болгон астероиддери Жердин жанынан учуп өтүшөт. Ал болжол менен Жерден 6,9 миллион  километр алыс аралыктан өтөт.