Бүгүн «Супара» этно-комплексинде интерактивдүү музей ачылып, ага президенттин жубайы катышты (сүрөт)

Бүгүн, 11-мартта «Супара» этно-комплексинде интерактивдүү музей ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева катышты. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине журналист, коомдук активист Назира Бегим билдирди.

Анын айтымында аталган маданий иш-чарага өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Асанбаева, экс-президент Роза Отунбаева жана Роза Айтматова баштаган көрүнүктүү инсандар катышкан. Ошондой эле ачылыш аземге тарых изилдөөчүлөр, этнографтар, кол өнөрчүлөр да келишкен.

«Супаранын» маалымат бөлүмүнүн айтымында, интерактивдүү музей ачууну этно-комплекстин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 2009-жылы эле пландап, ал жердеги экспонаттардын көпчүлүгүн өзү чогултуп жүргөн. Тилеккке каршы, көзү тирүүсүндө жетишпей калган. Учурда Эгембердиевдин ал максатын жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырган.

Интерактивдүү музейде полимер чоподон «Өнөр айылы», «Улуу көч», «Көк бөрү» макеттери жасалып, өз аталыштарына ылайык көрүнүштөр чагылдырылган. Ошондой эле этно-комплекстин тарыхы башкы экспонат болгон ат така макети аркылуу берилген.

Ошондой эле музей Табылды Эгембердиевдин ат жабдыктар комплекси, чарба буюмдары, тери жана темир идиш-аяк, жыгач буюмдар, жаргылчак, туш кийиз, таберик, улуттук оюндар, улуттук музыкалык аспаптар, аңчылык, зер буюмдар сыяктуу бир нече бөлүктөрдөн турат.

Аны менен катар музейдин аймагында «Табылды Эгембердиевдин жеке иш бөлмөсү», «Суу тегирмен», «Табылдынын жаратман булагы», «Очок», «Шералинин чокою» сыяктуу инсталляциялар жана ар кандай чеберчилик сабактарды өтүүгө ылайыкталган бөлмөлөр да бар.