Бүгүн таң эрте бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылууда

Бүгүн, 16-январда таңкы саат 6дан тартып бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылып жатат. Айрымдарынын кармалганы да маалымдалууда. Бирок маалымат расмий ырастала элек.

Социалдык тармакта жазылып жаткан билдирүүлөргө караганда, Актилек Капаров («Алга медиа»), Сайпидин Султаналиев («Арча медиа»), Тыныстан Асыпбек («Политклиника»), акын Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы (Temirov LIVE, «Айт айт десе»), Сапар Акунбеков (Temirov LIVE, «Айт айт десе»), Жоодар Бузумов (Temirov LIVE, «Айт айт десе»), Максат Тажибек уулуна укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкени жазылды.

Алдын ала маалымат боюнча жапырт кармоолор «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүүдө.